Пример HTML-страницы

Кербендеги тургундар ылай суу ичип жатат. Алар 6,5 млн евролук долбоордон үмүт үзгөнүн айтышты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын тургундары жаан-чачын мезгилинде ылай суу ичип жатышат. Шаардык кеңештин депутаттары таза суу боюнча долбоордун экинчи бөлүгүн улантууга каршы, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кербен шаардык кеңешинин депутаты Жеңишбек Өмүралиевдин айтымында, шаардагы таза суу долбоорунун 4 миллион евролук жумушу бүтүп, кабыл алынган. Бирок калкка таза суу долбоордогудай берилген эмес.

«Маселен, Күлүк-Дөбө айылына суу берилиши керек эле, ал айылга суу жеткен жок. Башкы суу түйүн да туура эмес жерге курулган. Жаан жааса эле суу түйүнө ылай суу аралашып, эл ылай суу ичип калууда. Эски суу түтүк менен суу алгандарда эсептегич жок. Эл арасында ушундан даттануу пайда болду.

Экинчи транш 3 миллион евро кредит менен бүтөт. Шаар мэриясы жылына кредитти кайтаруу үчүн 20 миллион сом төлөшү керек. Шаар бюджети анчалык чоң акчаны көтөрө албайт. Тыйын топтоо үчүн шаарга таза суу берилиши керек да. Анан да бизди ойлондурганы, 1 чакырым суу түтүгүн тартуу 32 миллион сомго айланып, 10 чакырым эле суу түтүк тартылып калат экен. Биз ошол акчага 40 чакырымдай суу түтүк тартылса болот деп жатабыз. Башкы суу түйүн 4 чакырым жогорку тараптан тартылышы керек деген талапты койдук. Каражат бөлгөн тараптарга долбоорду өзгөртүү табалын коюп жатабыз. Эң кызыгы, долбоорду өзгөртүү үчүн Австралиядан бир адис келүүсү керек экен. Анын келип, кеткени үчүн 45 миң еврону төлөп берет экенбиз. Ал долбоорду болот же болбойт деп айтат экен. Ал 45 миң еврого бир канча суу түтүгүн тартып алабыз. Депутаттар ошон үчүн макулдук бербей жатабыз. Толук бекер эмес, жарым-жартылай кредитке алуудабыз. Ал акчаны эл кайтарат», — деди ал.

Депутат таза суу долбоорундагы алешемдиктерди президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган бийлик өкүлдүрү катышкан жыйында көтөрүп, облус башчыдан долбоордун абалына маани берүүнү суранды.

Күлүк-Дөбө айылынын тургундары да таза суу долбоорун боюнча маселе көтөрүштү. Жергиликтүү тургун Мирлан Ибраим уулунун айтымында, алар ачык каналдан суу ичишет.

«Кышкысын суу тоңуп, айылга суу келбей, кар ээритип ичтик. Биз кир суу ичип келе жатабыз. Бизге келген каналдагы суудан иттин өлүгү чыкты, балдардын такма жалаягынан бери тазаладык. Ак-Сай деген жердеги булактан суу тартып келсекпи деп жатабыз. 11 чакырым аралыктан тартып келсек, 8 миллион сомдой акча кетет экен. Долбоорубузду колдоп бериңиз. Таза суу долбоорун күтсөк, суу чыккан жок. Долбоор туура эмес болгон. Андан үмүт үзүп койгонбуз», — деди ал.

Ал эми Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков долбоор боюнча эске ала турган жагдайлар жаралып жатканын, чындыгында калк ылай суу ичип жатканын кошумчалады.

Маалым болгондой, 225 миллион сомдук долбоор ишке ашканы менен калктын 20 пайызына гана суу жеткен. Калктын 80 пайызы суу менен камсыз болгондо гана долбоорго берилген насыяны төлөөгө боло турганы белгиленди.

Финансылык каржылоо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Европа биримдиги тарабынан Борбордук Азия үчүн инвестициялык фонддун каражаттарынан берилген. Кербен шаарын таза суу менен камсыздоо үчүн жалпы 6,5 миллион евро каралган. Бул каражат гранттык жана кредиттик макулдашуу менен алынган. Бүгүнкү күнгө чейин 4 миллион евролук жумуш аткарылып, кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE