Пример HTML-страницы

Караколдо электр тирөөчүндө болгон өрт бир кичи районду жарыксыз калтырды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-майда кечки саат 18:00дөн тарта Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунун тургундары электр жарыгысыз калды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Буга кичи районду жарык менен камсыз кылган бир тирөөчтүн күйүп кетиши себеп болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тирөөч турган аймак тазаланып, таштандынын калдыгы электр тирөөчү турган жерде өрттөлүп, өрт тирөөчкө жабышкан.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы аталган аймакта атайын бригада иш алып барып жатканын билдирген.

Электр жарыгы 3,5 сааттан кийин калыбына келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE