Пример HTML-страницы

Кара-Суунун Датка айыл аймагынын айрым тургундары кайрылуу жасап, көйгөйүн айтышты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Датка (мурунку Шарк) айыл аймагынын Падаван айылынын тургундары бүгүн, 4-апрелде АКИпресс-Ошто маалымат жыйын өткөрүп, кайрылуу жасады.

Алардын айтымында, бир нече адам 64 сотых жерди тартып алып, үйлөрдүн тосмо дубалдарын буздуруп салышты.

Падаван айылынын тургуну Дилмурод Сулайманов буларга токтолду.

«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасайбыз. Датка айыл аймагынын тургундары К.У., С.З., жер адиси Б.З.га мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздү суранабыз. Себеби азыркы күндө К.У.нун үстүнөн 8 арыз жазылган. Ал учурда үй камагында. К.У. менен С.З. Датка айыл өкмөтү, «Кадастр» мекемесинин Кара-Суу районундагы филиалы менен тил бириктирип алып, үй-бүлөм менен 25 жылдан бери салыктарын төлөп, дыйканчылык кылып келе жаткан 69 сотых үлүш жеримдин документтерин жасалмалап, басып алышкан.

С.З. өзүнүн 41 сотых жерин айыл башчы менен макулдашып, үй салуу үчүн жарандарга берип салып, азыркы күндө менин 69 сотых жеримди талашып келет. С.З. Датка айыл өкмөтүнөн үй салууга мыйзамдуу берилген жерлердин документтерин жасалмалап, соттон чечим чыгарып, жарандардын үйлөрүнүн дубал тосмолорун буздуруп салды. Биз ал жерлерге өз билемдик менен үй салып, короосун дубал тосмо менен тоскон эмеспиз. Бизге айыл өкмөттөн мыйзамдуу токтом чыгып, «Кадастрдан» мамлекеттик акты мыйзамдуу түрдө алганбыз. Ошого карабай, биздин жерлерибиздин документтерин жасалмалап, соттон чечим чыгарып, дубалдарыбызды буздуруп салды.

Ошондуктан башкы прокурордон, УКМКнын төрагасынан ушул маселени чечүүгө жардам берүүңүздү суранабыз», — деди Суламанов.

Маалымат жыйындын катышуучулары белгилегендей, 64 сотых үлүш жердин 23 сотыхын соттун чечими менен кайтарып алышкан. Азыркы күндө 41 сотых жер боюнча Кара-Суу райондук ичики иштер башкармалыгында териштирүү, тергөө иштери жүрүүдө.

Алардын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин соттун чечими менен 17 үй-бүлөнүн үйлөрүнүн дубал тосмолору сот аткаруучулар тарабынан бузулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE