Пример HTML-страницы

Кара-Сууда 2,5 гектар жерди экскаватор менен казышкан. Жашоочу жердин учурдагы абалын көрсөттү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Садырбай айылында 2,5 гектар айыл чарба жери казылган. Ал жердеги чуңкурга мал-жандыктар түшүп, өлгөн учурлар катталып жатат.

Жергиликтүү тургун, юрист Кутман Медетбековдун айтымында, 2022-жылы күзүндө айыл чарба багытындагы 18 гектар жердин 2,5 гектары 1,5 метр кеңдикте казылган.

«Айыл өкмөт асыл тукум кой чарбага деп 18 гектар жер бөлүп берген. «Катта-Талдык асыл тукум чарба» деген ишкана бар. Ишкананын директору менен Садырбай айылындагы тургун экөө 18 гектарды айландырып, чек ара кылабыз деп экскаватор менен жерди казышкан. Тактап айтканда, 1 км 276 метр узундуктагы жерди 1,5 метр кеңдикте казышкан. Ошондо жалпы жараксыз болгон жерди эсептесек 2,5 гектар жер болуп жатат. Айыл чарба багытындагы сугат жер болчу. Казылган жерге айыл тургундарынын мал-жандыктары түшүп, өлүп жатат.

Бул боюнча облустук администрацияга бардык. Алар асыл тукум кой заводуна казылган жерди топурак менен көмүү боюнча тапшырма берген. Кара-Суу райондук прокуратурасына да кайрылганбыз. Алар материалдарды Жер жана сууну көзөмөлдөө кызматына өткөрүп берген экен. Аталган кызмат тарабынан 3 миң сом эле айып пул салынган. Кеткен чыгымдарды өндүрүү боюнча эч кандай иш жасалган жок. Ошол кезде чындыгында чыгымдарды эсептей албайт болчу. Анткени айыл чарба жерлеринин кыртышын бузгандыгы боюнча жобо жокко чыгарылган. Бирок 2023-жылы кайрадан кабыл алынды. Ошонун негизинде эми эсептеп чыккыла десек, реакция жок болуп жатат», — деди Медетбеков.

Азырынча Кара-Суу райондук прокуратурасынан, Жер жана сууну көзөмөлдөө кызматынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы маалыматты кийинчерээк тактап берерин билдирди.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Катта-Талдык» мамлекеттик асыл тукумдуулук заводу мамлекеттик ишканасынын жетекчиси — Кокоев Самидин, түзүүчүсү — Кыргыз улуттук агрардык академиясы. Ишкана 2000-жылы 19-майда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: ири мүйүздүү мал багуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE