Пример HTML-страницы

Кара-кулжалык жигит ата-энесине келин алып барган. Бирок кызды кайра өзүнүн үйүнө жөнөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда 20 жаштагы жигит окуучу кызды турмуш куруу максатында үйүнө алып барган. Бирок кызды ата-энеси кайра өзүнүн үйүнө алып кетишкенин облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

  • Буга чейин социалдык тармакка Кара-Кулжа районунун тургуну 8-класста окуган кызды ала качып кеткени тууралуу маалымат тараган.

Милициянын маалыматы боюнча, Ой-Тал айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу — 2004-жылы туулган Н.кызы М. 2022-жылдын апрель айында ден соолугуна байланыштуу Кара-Кулжа райондук ооруканасында дарыланган. Ал ооруканадан үйүнө чыкканы жатканда ушул эле райондун Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт айылынын тургуну — 2002-жылы туулган М.уулу Н.га уюлдук телефону аркылуу байланышка чыгып, аны башка адамдар турмуш куруу максатында ала качууга даярданып жатканын билдирип, өзүн райондук ооруканадан алып кетүүнү суранган. Экөө буга чейин болжол менен 1 жылдай Инстаграм социалдык тармагы аркылуу байланышып, жакшы мамиледе болуп жүргөн.

«Аталган жигит окуучу кызды Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт айылындагы үйүнө, тактап айтканда өзүнүн ата-энеси туруктуу жашаган үйүнө алып барган. Ошол эле күнү кыздын апасы — 1971-жылы туулган З.А. менен биргеликте Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн Кызыл-Жар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери аталган үйгө барып, кыздын жаш курагы турмуш курууга жетпей турганын баланын ата-энесине айтып түшүндүрүшкөн. Баланын ата-энеси кыз өзүнүн каалоосу менен келгендигин билдирип, кыздын жаш курагы турмуш курууга жетпегендигин билбегендигин айтышты. Эки тараптын ата-энелери өз ара макулдашып, үстүбүздөгү жылдын август айында кыздын жаш курагы 18ге толгон соң үйлөнүү той берүүнү белгилеп, ошол күнү кызга куда түшүп жана сөйкө салып, кызды апасына кошуп үйүнө жиберишкен. Кыздын ата-энеси жана кыз арыз жазуудан баш тартышты», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE