Пример HTML-страницы

Кара-Көлдөгү окуучулар жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-декарбда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жөө жүрүш өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулду. Жөө жүрүшкө 9-10-11-класстардын окуучулары катышты. Жүрүш Жетинчи аянтчадан маданият үйүнө чейин басып баруу менен жыйынтыкталды.

Ошондой эле 30-ноябрь күнү маданият үйүндө Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер борборунун ден соолуктуу чыңдоо бөлмөсүнүн адиси тарабынан мектеп окуучуларына, лицейдин, техникумдун студенттерине жана аларды жетектеп келген мугалимдерге ВИЧ инфекция тууралуу видео тасма көрсөтүлүп, адамдын папиллома вирусу, гепатит тууралуумаалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүрдү. Аталган иш-чарага жалпы 400гө жакын жаштар катышты.

Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун маалыматы боюнча, Кара-Көл шаарында СПИД оорусуна чалдыккан 5 адам каттоодо турат. Алардын ичинен экөө эркек, үчөө аял киши.

«Бирөө бизде, экөө Жалал-Абадда дарыланат. Ал эми экөө — жуйбайлар Бишкек шаарында дарыланып турат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE