Пример HTML-страницы

Кара-Бууранын Көк-Дөбө айылындагы мектептин жаңы имараты ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-сентябрь күнү Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө айылындагы Ашымбек Шыйкымбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

Маалым болгондой, иш-чарага тургундар, мектеп мугалимдери, окуучулар катышты. Имараттын курулушу 2013-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 68 млн сом каржыланып баштаган. 2020-жылы январь айында окуу корпусу пайдаланууга берилген. 2021-жылы октябрь айында спорт залы жана спорт аянтчасы курулган. Мектепте 15 мугалим балдарга билим берип келет. Жалпы окуучулардын саны 184 окуучу. Мектеп көмүр менен жылытылат. 1-4-класска чейинки балдарга ыссык тамак уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE