Пример HTML-страницы

Кадамжайда 58 млн сомдук мектептин курулушу кайрадан жанданды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү Жаш-Тилек айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.

Айыл өкмөт башчысынын орун басары Мамажунус Сатыбалдиевдин айтымында, мектептин жалпы долбоору 58 млн сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттен каржыланууда.

Ал эми Жаш-Тилек айылынын башчысы Талантбек Имаровдун маалыматы боюнча, мектептин курулушу 2014-жылы башталып, пайдубалы түптөлгөндөн кийин куруу иштери токтоп калган. Мектепти бүтүрүү иштери кайра башталып, келерки жаңы окуу жылына бүтүрүү пландалууда.

Мектепти «Кадамжай шахта куруу башкармалыгы» ачык акционердик коому куруп жатат.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Кадамжай шахта куруу башкармалыгы» ААКтын жетекчиси жана түзүүчүсү — Ибраимов Садир. Компания 2004-жылы 28-июнда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: турак үйлөрдү жана имарттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE