Пример HTML-страницы

Эртең ОшМУнун ординаторлору жашоочуларды акысыз текшеришет

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик университетинде 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору окуу жайдын студенттерин жана кызматкерлерин акысыз медициналык кароодон өткөрдү. Иш-чарада окуу жайдын клиникалык базаларында эмгектенген ординаторлор неврология, кардиология, эндокриналогия, терапия, отоларингология, офтальмология, гастроэнтерология, стоматология багыттары боюнча келген окутуучуларды жана студенттерди текшеришти. Айрымдары дарыгердин сунушу менен көчмө ЭКГга түшүп, кант диабети боюнча анализ тапшырышты.

«Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулуп жаткан акысыз медициналык кароо окуу жайда гана эмес шаар тургундары үчүн да өтөт. 8-апрелде ординаторлор эл көп болгон Ош шаарындагы «Глобус» жана «2 Прораба» гипермаркеттеринде саат 9:00дөн 15:00гө чейин ушундай эле акысыз кароо өткөрөт. Анда педиатрлар да болот», — деди Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE