Пример HTML-страницы

Өздүгү такталбай жаткан аял ким экени белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан каза болгон аял кишинин өздүгү аныкталды. Кырсык 19-ноябрда Кара-Көл шаарынын Капчыгай тилкесинде болгон.

Маркум Баткен облусунун Айдаркен шаарынын 1951-жылы туулган тургуну Г.М. экени такталды.

Буга чейин Turmush 19-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 374-чакырымында Баткен облусунун Кадамжай районунун 1968-жылы туулган тургуну А.Ж.нын башкаруусундагы «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа менен Ош облусунун Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну Н.А.нын башкаруусундагы «Скания Р-420» үлгүсүндөгү унаа кагышканын жазган.

Кырсыктын кесепетинен «Форд» унаасынын жүргүнчүлөрү каза болгон.

Алар:

— 1972-жылы туулган Кадамжай районунун тургуну Г.Г.

— 1994-жылы туулган М.уулу Р.

— 1967-жылы туулган Ш.С.

— 1972-жылы туулган С.И.

— 1968-жылы туулган айдоочу А.Ж. Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилип, эсине келбей каза болгон.

Ал эми алтынчы маркумдун өздүгү тактала элек болчу.

Ошол эле унаанын жүргүнчүлөрү — 2003-жылы туулган С.А., 1993-жылы туулган А.уулу М. жана Өзбекстандын Фергана облусунун 1995-жылы туулган тургуну Н.К. шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Кийинчерээк Ош—Бишкек жолунда жол кырсыгына кабылган унаанын ичинен акча табылган. Кененирээк бул жерден окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE