Пример HTML-страницы

Чолпон-Атада жаңы парктагы көлмөнү ондатралар байырлап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы жаңы паркта ондатралар эс алуучулардын көңүлүн буруп жатат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, парктын аймагында көлмө бар. Көлмөнү көптөгөн балыктар байырлайт.

«Эми ондатралар да байырлай баштады. Кечинде парк жарыктандырып, эс алуучуларга көлмөдөгү жандыктардын жашоосуна көз салууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өз кезегинде ондатралар адамдардан коркпой калды. Алар сууда сүзүп, ойноп, бири-бирин кубалап, тургундарды кубантып жатат», — деди алар.

Ондатра — кемирүүчүлөрдүн момолойлор тукумчасындагы сүт эмүүчү жаныбар. Дене узундугу 35 сантиметрге, куйругу 28 сантиметрге, салмагы 1,5 килограммга жетет. Суу жээгинде жана сууда жашоого ыңгайланган. Куйругу капталынан жалпак, арткы буту сүзгүч жаргакчалуу. Жүнү калың (жыш) кара-күрөң, кара түстө, суу жукпайт.

Эркегинин урук бези куут мезгилинде мускус затын бөлүп чыгарат. Ийин казып же камыш, чым көңдүү кыртыштан үй куруп жашайт.

Ондатранын мекени — Түндүк Америка. Европага бир нече жолу алынып келип, байырлаштырылган. Евразияга, ошондой эле Субарктикага чейин таралган. Кичи жана Алдыңкы Азия, Моңголия, Кытай, Кореянын суу жыйылмаларында да көп. Кыргызстандагы чоң суулардын боюнда кезигет.

Жылына 3-4 жолу 7-8ге чейин тууйт. Териси баалуу. Кээде плотина жана дамбаларга зыян келтириши мүмкүн. Ондатра — туляремия, паратиф жана башка жугуштуу оорулардын козгогучтарын табигый алып жүрүүчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE