Пример HTML-страницы

Чолпон-Атада «Мерседес» жол чыракта токтоп турган унааны сүзүп, 3 адам жаракат алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧолпон-Ата шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, бүгүн, 9-июнда саат 18:00 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылынын 1984-жылы туулган тургуну А.У. «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайынын бурулушунан рулга ээ боло албай, жол чыракта токтоп турган «Фольксваген Венто» унаасын сүзүп алган. Аны Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган тургуну О.К. башкарып бара жаткан.

Кырсыктан кесепетинен айдоочу О.К., анын жанындагы жүргүнчүлөрү: 1983-жылы туулган Э.М., 1981-жылы туулган С.С. Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE