Пример HTML-страницы

Чүйдөгү мал базарда 1 жаштагы гиссар кочкор 50 миң сомго сатыкка коюлду (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-мартта Москва районундагы мал базарда 1 жаштагы гиссар кочкор 50 миң сомго сатыкка коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ар айдын жекшемби күндөрү райондун борбору Беловодск айылында мал базар уюштурулат. Жаздын алгачкы күндөрүндөгү мал базарда козу, улак, торпоктор сатыкка көп чыкты. Анын себебин учурда мал төлдөп жаткандыгы менен түшүндүрүүгө болот. 1 айга жете элек торпоктор 20 миң, козулуу койлор 25 миң, улактар 4 миң сомдон жогору болуп жатат.

«Мал чарбачылыгы менен алектенем. Породалуу гиссар, арашан кочкорлору өтүмдүү. Анткени мал чарбасын күткөн адамдар андан тукум алуу үчүн сатып алышат. Тишинен карап жашын аныктап, 1 жаш гиссар кочкорду 50 миң сомго баалап жатам. Албетте мындан чоң кочкорлор 100 миң сомдон да ашат», — деди фермерлердин бири.

Ал эми мал тоютун сатуучу жайда 1 таңгак беде чөбү 250, саман 70- 80, жүгөрү паясы 150 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE