Пример HTML-страницы

Чүйдөгү дыйкандар талаада өстүргөн дарбыздарын акысыз таратып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы жашылча базарларында коон, калемпир, помидордун баасы арзандады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бүгүнкү күндө 100 сомго төрт кичинекей дарбыз сатып алса болот.

Быйыл облуста жашылча жана мөмө-жемиштердин түшүмү жакшы болгону менен сезон аяктап, дыйкандар бааларды арзандатышты. Алтургай айрымдары талаадагы дарбыздарды акысыз алып кетүүгө чакырып жатышат.

Учурда коондун даанасы 20-40 сомдон сатылууда.

Таттуу калемпирдин килограммы 50 сомдон 30 сомго арзандады.

Панфилов районунда помидордун түшүмү жакшы болуп, килограммы 40 сомдон 25 сомго чейин арзандады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE