Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда карама-каршы тилкеге чыккан унаалар жол тыгынын пайда кылып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолунда унаалар карама-каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин бузуп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек—Ош унаа жолунда жол тыгындардын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барып жатышат. Ал жерде унаалар жол эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыгышууда.

Жол күзөтчүлөр Бишкек—Ош унаа жолунда каттаган айдоочулардан карама-каршы тилкеге чыкпоону жана жол эрежени сактоону суранышат. Анткени карама-каршы тилкеге чыккан айдоочулар жол тыгынынын жаралышына түрткү болушууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE