Пример HTML-страницы

Беловодский айылдык кеӊешинин төрагасы болуп Талайбек Кулжанов шайланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылдык кеӊешинин төрагасы болуп 53 жаштагы Кулжанов Талайбек Кибиралыевич шайланды. Бул тууралуу аталган айылдык кеӊештен билдиришти.

Маалыматка караганда, анда сессияга катышкан 22 депутаттын ичинен 17 депутат макул, 5 депутат каршы добуш берген.

Талайбек Кулжанов 1969-жылы 8-июнда Беловодск айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулдун атасы. 1993-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтунан билим алып, 1997-жылы Улуттук университеттин базасындагы 2,5 жылдык юридикалык факултетти аяктаган. 2004-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Беловодск айылдык кеӊешинин депутаты болуп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE