Пример HTML-страницы

Беловодск айылындагы мал базарда меринос койлор сатыкка чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5 -февралда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы мал базарда уй, торпоктор сатыкка көп алынып келди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, ар бир айдын жекшемби күнү мал базар болот. Бүгүнкү мал базарда койлорго караганда уй, торпокторду саткандар арбын.

«Чоң саан уйлар 100-130 миң сом, бир айлык торпок 18 миң сом, ал эми андан чоңураагы 25 миң сомдон жогору сатылууда», — деди алар.

Ал эми Кыз-Моло айылынын 50 жаштагы тургуну Жаныбек Жусупов: «Мен райондун борборунан алыскы айылда жашайм. Үйдө мал чарбасы менен алектенем. Меринос койлорумду сатыкка алып келдим. Ал суукка чыдамдуу, эти даамдуу жана жүнү да өтүмдүү болот. 1 жаштагы меринос койлорду 10 миң сомдон эле сатып жатам. Базарда чоң, эттүү койлор 20-25 миң сом, козулар 8-12 миң сом, эчкилер 8-10 миң сом, улактар 3-6 миң сомго чейин бааланууда», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE