Пример HTML-страницы

Баткендеги ишкерлерди ири суммадагы чыгымга алып келген деген жаран камакта калтырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Ак-Сай айылындагы үйлөрдү калыбына келтирүүдө баткендик ишкерлерди ири суммадагы чыгымга учураткан делген «Алмалы-Доор Курулуш» компаниясынын башчысы Д.К. 16-сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облустук соту шектүүгө карата камакта калтыруу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алган.

Буга чейин Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 13-июль күнү Лейлек районунун 56 жаштагы тургуну Д.К. Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен кармалган.

Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгым алып келген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Андан белгилүү болгондой, 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун тургуну 1967-жылы туулган Д.К. алектенмей болгон. 2023-жылдын январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып, акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен жалпы суммасы 1 295 482 сомдук курулуш материалдарын алып, 2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип берем деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербей, байланышка чыкпай качып кеткен.

Бул факт боюнча Баткен ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 16-майында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, Кадыров Добурбек Ташбекович «Алмалы-Доор Курулуш» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

Баткен облусундагы ишкерлердин тобу курулуш материалдарынын акчасын ала албай жатышканын айтып, бийликке кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE