Пример HTML-страницы

Баткенде чет өлкөлүк жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунда унаа сатып алып, бирок акчаны бербей жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБ билдирди.

Тактап айтканда Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Бужум, Кара-Булак айылдарынын тургундары — жалпысынан 4 адам милицияга арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, өзүн Тынчтык деп тааныштырган жаран арыздануучулардан унаа сатып алган жана акчаны белгиленген мөөнөттө бермек. Бирок шектүү 2023-жылдын апрель айынан бери акчаны бербей, изин суутуп жүргөн.

Арыздар Баткен РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, жабырлануучуларга жалпысынан 370 миң сом зыян келтирилгени аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Ноокен айылынан мурда соттолгон 28 жаштагы О.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE