Пример HTML-страницы

Баткенде чак түштө үй өрттөнүп, 1 жаштагы бөбөк каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-февралда саат 11:55 чамасында Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында үй өрттөнүп, 1 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал жерге куткаруучулар барып, жалын саат 13:37де толугу менен өчүрүлдү. Жалпы аянты 44,5 чарчы метрге жеткен өрттүн кесепетинен 3 эшик, 1 жылыткыч, 8 тосун, 10 айырмач (страпила), 20 гипсокартон, 8 шифер чыгым күйүп, 2023-жылы туулган А.Н. аттуу наристе каза болду.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE