Пример HTML-страницы

Баткенде 7 ата-энеге айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде «Экстремизм» иш-чарасы өткөрүлүп, 7 ата-энеге айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ШИИБдин кызматкерлери Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин окуучулары менен жолугуп, экстремизмдин алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө жана окуучулар арасындагы зомбулуктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ага катар эле мыйзамсыз диний агымдар боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 7 ата-энеге протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE