Пример HTML-страницы

Баткенде 24 мечитти каттоого мүмкүн болбой жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда 24 мечитти каттоого мүмкүн болбой жатат. Аны менен бирге 21 мечит дин иштери боюнча мамлекеттик каттоодон өтө элек.

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун айтымында, облус аймагында каттоодон өткөн мечиттин саны 468ди түзөт.

«Баткен облусунун аймагында жалпы 535 мечит бар. Аны ичинен бүгүнкү күнгө 468 мечит каттоодон өткөн. Калган 67 мечиттин 24нүн документи дээрлик бүтүп калды. Каттоодон өтө элеги 21 мечитти түзөт. Ал эми үлүш жер, кызыл линия сыяктуу туура эмес жерлерге салынып калган 24 мечитти каттоо мүмкүн болбой жатат. Мечит коомдук жай болгондуктан анын тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп, каттоодон өткөрүү оңой иш эмес. Андыктан калган мечиттердин да документтерин бүтүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE