Пример HTML-страницы

Баткен шаарындагы стадиондун 1 ай мурда төшөлгөн асфальты бузула баштады (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында Нооруз майрамына карата стадионго басылтан асфальт бузула баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Шаар тургуну Дарибай уулу Жумабектин айтымында, асфальттоо иштери сапаттуу аткарылса болмок.

«Борбордук стадионду оңдоого 15 млн сом бөлүндү деп буга чейин соц тармактарда кеп болуп жаткан. Оңдоо иштери бүтө элек. Бирок асфальт Нооруз майрамына чейин басылган. Шашылыш түрдө оңдоо болуп, жакшы басылбай калган. Азыр шагыл болуп, цемент бузулуп жатат. Сапаты начар болуп калганбы, 1 ай боло электе бузулуп баштады.

Отургучтар алмашкан, чөпкө суу чачып карап жатышат, эми көрккө келер. Бирок чуркоочу аянттагы жана дарбазага чейинки басылган асфальт жакшы басылган эмес. Эгер акча каралып жатса, эптеп эле көз боёмочулук кылып койбой сапаттуу иш аткарылса жакшы болмок. Себеби ошондо президент келет деп даярданып жатышкан», — деди ал.

Шаардын дагы бир тургуну Равшанбек уулу Амангелди стадиондогу курулушу аяктабай турган имаратты мэрия ишке киргизип, пайдаланууга берсе дейт.

«Стадиондо ар кандай майрамдык кечелерди өткөрбөй эле койсо. Азыр жаштарда футболго болгон кызыгуу күч. Стадионго келип топ ойноп кеткен жакшы. Эл аралык, облустар аралык турнирлер болуп турса жаштарда спортко болгон кызыгуу артат.

Андан сырткары бул жерде курулушу 10 жылдан бери аяктабай турган имарат бар. Аны же оңдоп ишке киргизишпеди. Мэрия ушундай мүмкүнчүлүктөрдү карабай кайда карайт дейсиң да. Сүмөлөктү шылтоолоп акча каралып жаткан болсо, оңдоп алышса болмок», — деди ал.

Ал эми шаар мэри Имамназар Бурканов стадионду реконструкциялоо иши аяктаганга чейин маалымат берүүдөн баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE