Пример HTML-страницы

Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолундагы аң-чөнөктөр эмне үчүн майда таштар менен жамалып жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунда жасалып жаткан аң-чөнөктөр айдоочулар арасында талкууларды жаратты.

Алардын айтымында, аң-чөнөккө толтурулуп жаткан майда таштар ары-бери өткөн унаалар үчүн кооптуу. Анда таштар учуп, унаанын терезелерине жарака келтириши мүмкүн.

Аталган жолдо оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан №35 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Урмат Өмүкө уулу төмөнкүлөргө токтолду.

«Быйыл Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 70 чакырымындагы аң-чөнөктөр жасалат. Бул аталган жолдун 150-220-чакырымындагы аралык.

Учурда асфальт-бетон чыгаруучу завод иштей электигине байланыштуу аң-чөнөктөр майда таш жана кара чайырдын (битум) аралашмасы менен толтурулууда. Иш алып барып жаткан жумушчулар ашкан ташты шыпырып, учпагыдай кылып орнотуп жатышат. Кара чайыр катыган кезде, майда таштар да катып калат. 10 күндөн кийин аталган завод ишке кирсе, аң-чөнөктөр асфальтталат», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE