Пример HTML-страницы

Баланы таштай турган атайын жай ачуу сунушуна ысык-көлдүктөр кандай карашат?

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандын аймагында ушул ай ичинде 3 ымыркай таштандыга ташталып, милиция кызматкерлери тарабынан жарыкка алып келген энелери кармалган.

Ымыркайлар таштандыдан тоңгон абалда табылгандыктан коомдо баланы таштай турган атайын жай — беби-бокстарды (өмүр терезеси) ачуу керектиги сунушталууда.

Беби-бокс — баланы анонимдүү түрдө таштап, аны мамлекеттик кызматтардын жана камкорчулукка өткөрүп берүү үчүн атайын жай. Ал медициналык мекемелерде (мамлекеттик жана жеке менчик), диний уюмдарда болушу мүмкүн.

Аймактык кабарчы Каракол шаарынын тургундарынан беби-бокстардын ачылышына кандай көз карашта экенин сурап көрдү.

Анда көпчүлүк тургундар ымыркайды таштандыга ыргыткыча, ушундай жайларга калтырса, жакшыраак болмок деген ойлорун айтышты. Ал эми айрым тургундар мындай жайлар ачылса, ташталган балдардын саны көбөйүп кетерин, муну менен катар кыргыздын идеологиясына туура келбесин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE