Пример HTML-страницы

Байгазы Оморов 25 литрге чейин сүт берген салмагы жарым тоннадагы уйларды багып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Каркыра айыл аймагына караштуу Корумду айылынын тургуну Байгазы Оморов асыл тукум мал чарбачылыгын жандандырууда. Ал 2018-жылдан бери сүт жана эт багытындагы бодо мал багып, пайдасын жайылтып жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

Б.Оморов кесиби боюнча ветеринар, советтер союзу ыдырагандан кийин айыл чарба багытында иш алып барганын айтат.

«Мен азыр 69 жаштамын, бала кезим, мектепте билим алган курагым Корумду айылында өттү. Мектепти аяктагандан кийин ветеринар болууну каалап, зоотехник кесиби боюнча билим алдым. Эр жеткенде башка жигиттер сыяктуу эле мен дагы Ата Мекен алдындагы милдетимди аткарып, Польшада аскердик чалгындоо бөлүмүндө кызмат өтөдүм. Андан соң 1978-жылы Талды-Суу совхозуна мал доктур болуп кызматка орношуп, СССР тараганга чейин ушул тармакта эмгектендим. 1991-жылдан 1994-жылга чейин ветеринардык кесипти улантып, Корумду айылында жүргүзүп, андан ары өзүмдүн жеке дыйкан чарбамды түзүүнү колго алдым. Ал арадан бери үй-бүлөм менен жер иштетип, чарба малдарды багып келген элем. Кийин сандан сапатка өтүү жолун кабыл алып, акыркы 6 жыл аралыгында сүт жана эт багытындагы бодо малдарды кармап келе жатам», — деди ал.

Мал чарбасы боюнча кичи фермердикти колго алган ветеринар азыркы учурда багып жаткан швиц жана симментал тукумундагы уйлардын алды күнүнө 25 литрге чейин сүт берсе, эт багытындагы уйдун салмагы жарым тоннадан ашат.

«Үй-бүлөбүз менен дароо эле асыл тукум мал кармоого киришкен жокпуз. Адегенде жер иштетип, башка тоют камдоого бел байладык. Тагыраагы 2016-жылдан 2018-жылга чейин жүгөрү айдап, силос ачыттык. Муну менен катар тоют кызылчасын айдап, жем-чөптүн базасын түзүп алдык. Эки жылдан кийин мекени Австрия болгон швиц жана симментал тукумундагы букаларды алып, көбөйтө баштадык. Албетте, асыл тукум чарбачылыкты түзүү оңой болгон жок. Алгач 100 миң сомго бааланган 4 баш кунаажын алып келдик. Сүт жана эт багытындагы бодо малды акырындык менен көбөйтүп, бир кездерде 25 саан уйга жеткирдик. Акыркы мезгилдерде сүттүн баасы түшүп кеткенине байланыштуу учурда 40 баш мал кармап, анын ичинде 15дей саан уй кармап жатабыз. Уйдун сүтү тилинде дегендей, симментал тукумундагы уйлар жем-чөптү өзгөчө деле тандабайт. Биздин тоолу аймакка, жайлоого чыгарууда кыйынчылык жаратпайт. Ал эми эт багытындагы швиц тукуму өзгөчө багууну талап кылат. Саан уйлар кышкысын күнүнө 15 литрден сүт берсе, жайкысын 25 литрге чейин берет экен», — деди ал.

Учурда Түп районундагы чарбакерлер акырындык менен сандан сапатка өтүп жатканын Б.Оморов кошумчалайт. Ал мал багуудагы негизги көйгөйлөрдү эске алуу зарылдыгын белгиледи.

«Жергиликтүү тургундар жана кошуна райондун жашоочулары сандан сапатка өтүп жатканы кубандырат. Быйыл тукум көбөйтүү иретинде 1,5-2 жашка чейинки букалар 155 миң сомго бааланды. Андыктан чарбакерлер биринчи кезекте уй бакпай, жем-чөптү кенен камдап алып, асыл тукум мал чарбасын түзүүгө киришүү туура болот. Себеби жем-чөптү убагында жакшы бербесе өзгөчө швиц тукумундагы уйларды жоготуп алып, чыгым тартуусу ыктымал.

Эми келечекте 270 миң сомго бааланган Чехиядан сүт жана эт багытындагы монбельярд уйларын алып келип, жайылтууну колго алабыз. Бул дагы биздин климатка тез көнүп, туруштук бере турган мал жандыгы экен. Азыркы тапта чарба иштерин уулум жана келиним, дагы 3 жумушчубуз алып барууда», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Байгазы Оморов байбичеси менен 1 уул жана 5 кызды тарбиялап чоңойтуп, учурда 25 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE