Пример HTML-страницы

Аскердик ооруканага айланып, андан кийин 10 жыл бою жалаң эркек балдар окуган мектеп

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарындагы №3 мектепте 10 жыл бою жалаӊ эркек балдар окуган. Директордун тарбия иштери боюнча орун басары Жамиля Мыйтанова Turmush басылмасынын кабарчысына мектеп тууралуу айтып берди.

Бул мектептин имараты 1937-жылы курулуп баштаган.

«1937-жылы Токмок шаарынын Пролетар көчөсүндөгү майыптар артелинин бакчасынын аймагында мектеп курула баштаган. Ал жылы дубал тургузулуп, жыгачтар даярдалган. 1938-жылдын жазында курулуш иштери кайрадан башталып, 1-сентябрга карата мектеп даяр болгон. Анда биринчи директор болуп Лиманов Герман Иванович дайындалган (1937-1964-жылдары директор болгон). Алгачкы окуу жылында мектепте 20 класс даярдалып, окуучулар эки нөөмөт менен билим алышкан. №4 мектеп деп аталган. Мектеп иштегенине 2 жыл болгон соӊ 26 окуучу аяктаптыр. 1939-1940-окуу жылында окуу кабинеттери жана китепкана толукталган. Мектеп уюшулганына аз гана убакыт болсо да, олимпиадада шаар боюнча 1-орунду, облустук сынакта 5-орунга ээ болгон экен.

1941-жылдын июнь айында Улуу Ата Мекендик согуш башталып, август айына чейин мектепте аскер жыйноо пункту жайгашкан. 1941-жылдын 15-сентябрында окуу кадимкидей улантылып жаткан. Дал ошол күнү мектептин директору шаардык аткаруу комитетине чакырылып, 4 саатта мектепти бошотуп берүү сунушталган. Окуучулар парталарды, отургучтарды, доскаларды, эмеректерди алып, мектептен чыгышкан. 16-сентябрда алар ал кездеги №1 мектепке (азыркы №4 мектеп) сабакка барышкан. Ошентип аталган орто мектеп өз ишин токтотуп, аскердик госпиталга айланып, октябрь айынан тарта жарадар жоокерлер, офицерлер келе баштаган.

Мектептин дагы бир кызык жагы — 1943-1953-жылдары Токмок шаарындагы жалгыз эркек балдар мектеби болгон. Эмне себептен жалаӊ эркек балдар окуп калганы бизге белгисиз. Ал эми 1953-жылдан тарта жалпы билим берүүчү мектеп макамын алган», — деди ал.

Учурда №3 мектепте 1900дөн ашуун окуучу билим алат.

  • Артель — бир нече адамдын, чарбанын бирге иштөө үчүн өз ыктыяры менен биригиши.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE