Пример HTML-страницы

Араванда мурунку милиционер өспүрүм уулуна унаа айдаткан. Аларды видеого тартып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунда мурунку милиция кызматкери жашы жете элек баласына унаа айдатканы үчүн айып пулга жыгылды.

Социалдык тармактын колдонуучусу милиция кызматкери уулуна унаа айдатып бара жатканы тууралуу видео жарыялаган. Ал унаасы менен башка унаалардан озуп өтүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратканы айтылган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аталган жаран учурда милиция кызматкери эмес.

«Ал буга чейин Араван районунда милиция кызматкери болуп эмгектенген, азыр иштебейт. Бүгүн аталган айдоочу — 1981-жылы туулган Т.Б.нын унаасы айып короого киргизилип, Укук бузуулар кодексинин 184-беренесинин (транспорт каражаттарын документи жок башкаруу) 3-бөлүмү менен 1500 сом айып пул салынды. Ал унаасын өзүнүн жашы жете элек уулуна айдатып жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE