Пример HTML-страницы

Араб жигитинен жана кытай кызынан тараган улуттун өкүлдөрү Ысык-Көлдө кантип отурукташып калышкан?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айылынын тургуну Лимин Дагазиев айылдагы 140 жылдан ашык тарыхы бар имаратта жайгашкан музейди жетектеп келет.

Музей 2005-жылы ачылып, дунган эли элетке жайгашып калгандан бери тарыхты сактап, муундан муунга жеткирип келет. Аталган музейди алгач Лиминдин бир тууган агасы Люшур негиздеген. Ал 71 жашында көзү өткөндөн тарта 68 жаштагы иниси Лимин сактап, баянын ар бир эс алуучуга, элетке келген меймандарга айтып берет.

Чет жерден келген эс алуучулар аны эркелетип, Капли деп атап коюшат. Анткени башына капитандын баш кийимин дайым кийип жүрөт. Капли туристтерге дунган элинин келип чыгуу тарыхын айтуудан баштайт.

«Кытайдын маданияты гүлдөп өскөн Тан доорунда императордун түшүнө ажыдаар кирет. Жырткыч алдынан чыкканын жок кыла баштайт. Дал ошол учурда жашыл кийимчен, колуна теспеси бар жигит дуба кылып баштагандан кийин ажыдаар кызыл тасмалга айланып кетет. Таң атып, ойгонору менен император кеңешчи жана акылмандарын чакырып, түшүн жорутат.

Алар ажыдаар анын душманы — көчмөндөр экенин түшүндүрүшөт. Ал эми жашыл кийимчен жигит (Исламдын символу) Батышта пайда болгон жаңы диндин түсүн билдирерин айтышат. Император даанышмандардын акыл-насаат, кеп-кеңештерин угуп, Мухаммед (с.а.в) пайгамбарга чакыруу менен араб өлкөлөрүнө элчилерин жиберет. Ал жактан жардам иретинде 3 кол башчы 3 миң араб аскери менен келет.

Көчмөндөр менен күрөштө жана аларды жеңүүдө арабдар чечүүчү роль ойнойт. Эки кол башчы каза болуп, бир гана кол башчы тирүү калат. Ал кийин мекенине кайтуу керектигин айтат. Ошондо император жубайынын акылы менен ага кытай кызын алып берет. Натыйжада араб жоокеринен жана кытай кызынан төрөлгөн уул атасынын Ислам динин кабыл алат. Ал эми кытай улутундагы апасынан кытай тилин үйрөнүп, каада-салтын карманып, кытай улуттук ашканасын өздөштүрөт. Дал ушул уулдан дунган эли тарап, өзүнчө улут түптөлөт», — деди ал.

Лимин аны менен катар дунган эли Кыргызстанга анын ичинен Ысык-Көл жергесине жайгашып калганын айтып берди.

«1877-жылы Кытай жергесиндеги көтөрүлүштөн улам, өз элин сактап калуу үчүн биздин кол башчы Кытайды таштап кетет. Алар 3 бөлүк менен келишет. Биринчиси Ош тарапка, экинчиси Токмок шаарына, үчүнчүсү Каракол шаарына отурукташкан. Ошол учурда Каракол шаары Орус империясынын карамагында болгон. Алар эки коктуну сунушташкан. Дунган эли экинчи коктуну тандайт. Өйдөкү — бул дунган тилинен экинчи кокту дегенди билдирет.

Азыркы Ырдык айылында отурукташкандар орус императору Александрдын кызы Мариянын урматына конушун Мариинск деп аташат. Ал эми октябрь революциясынан кийин кайра Өйдөкү аталышы берилет. Бирок аны жергиликтүүлөр айта албай, Ырдык деп атап коюшат. Ал эми Союз учурунда элетте “Дыйшын” колхозу түзүлөт. Ал көптөгөн көрсөткүчтөрдө алдыңкы орунду камсыздаган. Дыйшын деген жеңиш дегенди билдирген. Ошондон тарта элетти азыр Ырдык деп да, Дыйшын деп да атап келишет», — деп сөзүн жыйынтыктады Лимин Дагазиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE