Пример HTML-страницы

Алар эмне үчүн ушундай кадамга барышкан?

Акыркы жанылыктар

TurmushБуга чейин «Жеңенин бир саны кайнисиники» деген сөздү уктуңуз беле? Көпчүлүгү бул сөздү укканы менен анын түпкү маанисин түшүнө беришпейт. Айрым адеби жоктор бул келип чыккан сөз аркылуу жакын жеңелерин тамашага салып, көңүлдөш болуп алууга далбас урат. Муну эли-журтубуз бети жоктук, жексур катары көрүп келишкен. Илгери эгер кайсы бир жигит бирөөнүн аялы менен ойноштук кылып койсо, аны «ала жибин» аттаган дешип, өлүм жазасына чейин тартышкан.

Мисалы, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда көптөгөн эркектер фашисттерге каршы жоого аттанып кайтып келишкен эмес. Натыйжада алардын аялдары жесир, балдары жетим калган. Түрк элдери, анын ичинде кыргыздар агасы каза тапкандан кийин инисине жеңесин алып беришкен. Бул балдарды башка тарапка тентитип-тербитип жибербөөнү, ошол жайдагы турмушту улоону, кийинки төрөлгөн балдар менен бир туугандыкта өсүп чоңоюу максатын көздөгөн.

Turmush басылмасы агасы каза тапкандан кийин жеңесин жесир калтырбаган инилер боюнча маалымат топтоду.

************

Талас облусунун Манас районуна караштуу Сөгөт айылынын 86 жаштагы тургуну Мөөркан Өмүрзакова өмүрлүк жолдошу Анарбек Өмүрзаков менен биргеликте бактылуу карылыктын доорун сүрүп келет. Анын мурунку жолдошу киши колдуу болуп каза тапканда 4 баласы колунда, 1 баласы курсагында калган. Көп өтпөй жолдошунун 20 жаштагы жээни менен баш кошуп, дагы 6 балалуу болгон. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

«Мен Киров деген колхоздо төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 бир тууган болчубуз. Жалгыз агам аскерден каза болгон. Анын артынан улуу эжем да тиги дүйнөгө кете берди. Ал эми экинчи эжем турмушка чыгып кетип, мен жалгыз калдым. Ал убакта атам башкарма болчу. Райкомдо иштеген Болотбек деген бала келип калып, таанышып калдык. Ал мени бир көрүп эле жактырып калган экен. Көп өтпөй мени Сөгөт айылына алып келди. Анда мен жапжаш кыз болчумун. Ошентип Болотбек деген күйөөм менен 8-9 жыл жашадым. Ал арада төрт балалуу болуп, бешинчи балабызды күтүп жатканда жолдошум киши колдуу болду. Көп өтпөй жолдошумдун 20 жаштагы жээни Анарбекке турмушка чыктым. Ал убакта мен 24 жашта болчумун. Менин төрт балам колумда, бешинчи балам курсагымда эле. Таякеси каза болуп калганда, эч нерсеге карабай мага үйлөнүп алды. Улуулардын батасын алып баш кошуп, чогуу түтүн булатып калдык. Күнү келип, кыз төрөдүм. Балдарымды өз баласындай кабыл алып, аталык камкордугун көрсөтүп жатты. Мен ага турмушка чыккандан кийин такыр иштеген жокмун. Анарбек колхоздо жылкы карап, трактор айдап иштеп жүрдү. Тапканын үйгө ташып, балдарыбызды эч нерседен кем кылбай бакты. Мен болсо дагы төрөп, үйдө отуруп калдым. Экөөбүз 4 кыз жана 2 уулдуу болдук. Азыр кудайга шүгүр, бактылуу карылыкта жашап жатабыз», — деди ал.

М.Өмүрзакованын айтымында, жолдошу экөө 11 баланы чоңойтушкан.

«Үй-бүлө болгондон кийин идиш аяк-кагышпай койбойт. Ошол убакта аял киши сабырдуу болуп, өзүн кармашы керек. Эркек менен тең жарышып айтыша берсең, үйдүн куту кетет. Ажаан аялга айланып, күйөөңдүн көңүлүн калтырасың. Ынтымак бекемделбей, ортодогу мамиле салкындап калат. Биз бири-бирибизге эриш-аркак болдук. Ысык-суукту чогуу көрдүк. 11 баланы багып-өстүрүү оңойго турган жок. Ошентсе да балдарыбыздын курсагын ачка калтырбай, жыртык кийим кийдирбей, тарбияны татыктуу берип чоңойттук. Жолдошум билимдүү, акылдуу, боорукер, иштерман киши. Бүгүнкү күнгө чейин экөөбүз жаштардан калбай чуркап, жумуш жасап жүрөбүз. Карып калдык деп отура берсек, ден соолугубуз начарлай берет экен. Канчалык кыймылыбыз көп болсо, ошончолук өзүбүздү жакшы сезип калабыз. Айылдагы кадыр-барктуу, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз. Бирибиз ак чачтуу, бирибиз сары тиштүү кемпир-чал болдук. Айылдын аксакалы болгондуктан төргө отургузуп, сый көрсөтүп турушат. Балдарыбыздын баары Бишкекте. Колумда небере балам келинчеги менен бар. Уул-кыздарыбыз байма-бай келип турушат. Бир уулум 2000-жылы каза болуп калган. Азыр жалпы 10 уул-кызыбыз бар. Бизде «сенин балдарың, менин балдарым» деген нерсе жашабайт. Баары ынтымактуу. Чогулганда топурап эле жатып калабыз», — деди ал.

А.Өмүрзаков кемпири менен бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатканын айтты.

«Менин кемпиримдин мурунку жолдошу бир тууган таякем болот. Кичинекей кезимде бир таякемдин колунда, бир чоң атамдын колунда жүрүп чоңойдум. Таластагы окуу жайды аяктап, айылга тракторчу болуп ишке орноштум. Насип экен, 1960-жылы таякем каза болгондон кийин таажеңеме — азыркы кемпириме баш кошуп, чогуу жашап калдык.

Мен 9 жыл трактор башкарып, айылдын алдыңкы тракторчуларынан болуп иштеп жүрдүм. Кийин Талас колхозуна жылкычы болуп жумушка кирдим. Ал убакта кемпиримдин эң улуу баласы аскерден келгенде жаныма кошуп алып иштедим. Ал жерде дагы жаман иштеген жокмун. Алдыңкы байгелерге ээ болуп жүрдүм. Ошол убакта килем берип, ат мингизген. Жакшы иштегеним үчүн Москвага барып, Горбачёвдун алтын саатын белекке алгам.

Азыр Кудайга шүгүр. Алган пенсиям 10 500 сом. Кемпирим менен бактылуу жашап жатабыз. Кемпирим акылдуу, зирек, бышык аял. Мени дайыма колдоп, дем-күч берип келди. Баарына жетишет. Балдардын курсагын тойгузуп, кирин жууп, мен жумуштан келгиче күтүп отуруп, ысык тамагын берет. Ортодогу ысык мамилебиз өчпөйт. Бири-бирибизге жакшы сөз айтып, карыганда курдаштардай болуп, эркелешип эле отурабыз», — деди ал.

**************

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүндөгү Итагар айылынын тургуну Эргеш Момунов Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келгенде, агасы каза табат. Натыйжада ал өзүнөн 8 жаш улуу жеңеси Сейилканга үйлөнөт. Мындай кадамга ал агасынын балдарын жетим, аялын жесир калтырбоо үчүн барат. Алар Ооганбек, Сонунбек, Абзалбек, Абдасбек аттуу уулдуу болушат.

**************

Нырын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылынын тургуну Алый Айтбаева атасы үч жеңесине үйлөнгөндүгүн айтат.

«Атамдын аты Айтбай болчу. Азыркы Исакеев айылында туулгам. Апам Мария, атамдын төртүнчү аялы. Ага чейин жесир калган жеңелерин аялдыкка алып, жашап жүрүптүр. Атам менен апамдын ортосу 25 жаш айырма. Апам Марияны атасы Теңдик айылындагы тургунга күйөөгө бериптир. Кийин күйөөсү каза болуп калган экен. Ошондо кайын журту жесир калган келин менен кайын агасына нике кыймак болушат. Апам түн ичинде эч кимге көрүнбөй, Теңдик айылынан Исакеев айылындагы төркүнүнө жөө качып келет. Аркасынан кайын журту келип, алып кетмек болгондо менин атам кунун берип, алып калыптыр. Ошентип атам менен апам бир түндүктө жашап башташкан экен. Атам төрт аялдан жыйырма балалуу болуп, бардыгына көз тийип, каза болуп калышкан. Жалгыз мен эле калдым.

Атамдын миң кара кою бар экен. Ошондуктан миң койлуу Айтбай деп аташчу экен. Айылга чукул жерде эң биринчилерден болуп бак тигип, ал жак Айтбайдын багы деп аталып калган. Кийин согуш учурунда эл ал бактарды кыркып, отунга пайдаланышкан», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE