Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы Баетов айыл өкмөтү сыйлыкка алган жарым миллион сомго «КамАЗ» унаасын сатып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүнүн «Таза суу — таза аймак» ишканасына «КамАЗ» оор жүк ташуучу унаа сатып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2022-жылдын жыйынтыгы менен аталган айыл өкмөт республикалык «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» сынагында 3-орунду камсыздап, 500 миң сом сыйлык алган. Сыйлыкка алган 500 миң сомго «Таза суу — таза аймак» ишканасынан 400 миң сом кошуп, жалпы 900 миң сомго 2007-жылы өндүрүштөн чыккан «Евро-2» үлгүсүндөгү оор жүк тартуучу «КамАЗ» унаасын сатып алышты.

«Буга чейин айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн «Таза суу — таза аймак» ишканасы түзүлүп, ишемби жана жекшемби күндөрү айылды кыдырып, элдин таштандыларын алып кетишчү. Бирок, ишканага тиешелүү жүк тартуучу унаабыз жок болгондуктан, менчик унаалар менен иш алып барчубуз. Менчик унаалар бирде ишке чыгып, бирде өздөрүнүн иштерине кетип калып, эл ичинде «таштандылар убагында алынып кетпей жатат» деген нааразычылыктар дагы айтылып келе жаткан. Бул көйгөйдү жөнгө салуу максатында сыйлыкка алган акчабыздын үстүнө 400 миң сом кошуп таштанды ташууга «КамАЗ» сатып алдык. Кудай буюрса, ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү көчөлөрдү кыдырып, элдин таштандыларын үйлөрүнөн алып кетип турушат», — деди айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев.

Баетов айылынын тургундары таза суу үчүн бир айга бир түтүн 100 сомдон, ал эми таштанды үчүн кварталына 200 сомдон, же тактап айтканда бир жылга 800 сомдон акча каражатын төлөө көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE