Пример HTML-страницы

Ак-суулуктар Баткен элине гуманитардык жардам чогултуп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда чек арада жабыркаган Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам чогултуу жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук жарандык коргонуу штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ар бир айыл өкмөттө тамак-аш жана жер-жемиштер чогултулуп жатат.

«Бул кырдаалда Баткендик бир туугандарга кол сунуп, жардам берүү үчүн иш баштадык. Бардык айыл өкмөттөрдөн чогултулган гуманитардык жардам бүгүн, 17-сентябрь күнү саат 15:00дө Теплоключенка айылындагы тазалык ишканасынын короосуна алып келинет. Гуманитардык жардамды чогултуу жана жеткирүү боюнча атайын комиссия иштеп жатат», — дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE