Пример HTML-страницы

Аарылар мезгил-мезгили менен ажаткананы айланып учуп турушат. Аарычы Т.Тагаев анын себебин түшүндүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылынын тургуну Турат Тагаев 26 жылдан бери балчылык менен алектенет. Аймактык кабарчы балчынын түмөн-түйшүгү менен таанышты.

Бал аарычылык биринчи жылда эле киреше берүүчү тармак болуп саналат. Аарычылык менен алектенгендер мал баккандай жайы-кышы карабайт. Болгону сезон маалында карап коюу жетиштүү. Турат Тагаев айылдагы мектепте мугалим болуп иштечү. Ал арада аары кармаган жездесине кол кабыш кылып жүрүп, өздөштүрүп алган. Жалпы 20га чукул челеги болсо, учурда анын 12 челегин иштетет.

«Аарынын өзүнүн түйшүгү бар. Аларды күн сайын карап, ашыкча жумурткаларын тазалап туруу керек. Эркек аарылар көбөйүп кетсе, иштелип чыккан балды жеп салышат. Кыргыз балы сыртка чыгарып сатууга ыңгайлуу продукция. Бирок ал көбүнчө сырьё түрүндө экспорттолууда. Мындан сырткары оорусун да алдын алуу керек.

Сезон убакта 500 литр бал ала алам. Аарычылыкка кызыккан жаштар көбөйдү. Райондо балчылар ассоциациясы түзүлгөн. Үйрөнөм деген жаштарга маалымат менен бөлүшөм. Бал челекти кармап жүрүп бир катар ооруларды алдын алсаң болот. Мисалы, дем алуу органдарына жакшы. Аарылар тазалыкты жакшы көрүшөт.

Жаман жыттар аарылардын кыжырын келтирет. Челектерди карап жатсам, түп жагы прополис болуп калыптыр. Аарчып тазаласам, челекке кирип кеткен чычканды өлтүрүп, үстүн бекитип салышыптыр. Булар туз жегиси келип калганда даараткананы айланып учуп калышат», — дейт фермер Турат Тагаев.

Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE