Пример HTML-страницы

4 тилде эркин сүйлөп, Америкага чейин барып келген А.Ешимбекова элеттин балдарына эки тилди үйрөтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАйжан Ешимбекова Г.П.Кудряшова атындагы Орловка №1 орто мектебинин орус жана англис тилдеринин мугалими.

Ал 1990-жылы Талас облусунун Талас шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

«Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 13 жыл болду. Эки кыз, эки уулубуз бар. Университетти аяктагандан кийин жолдошум экөөбүз Орловкадагы кайын ата, кайын энемдин үйүнө көчүп келдик.

1-класстан 6-класска чейин Талас шаарындагы №2 орто мектепте билим алып, андан соң кыргыз-түрк кыз-келиндер лицейине тапшыргам. Ал жерде 2002-2007-жылдары, 5 жыл бою 100% жеӊилдетүү менен менен окудум. 11-класста орус тили боюнча республикалык олимпиадага катышып, төртүнчү орунду алгам. Ошондо биринчи үчтүккө кире албай, ыйлаганым эсимде. Бул келечектеги тандоомду аныктады.

Мугалим болуп, балдарды окутуп, өлкөмдүн келечегине салым кошкум келчү. Ошол кезде атайылап мугалимдикке баруу кызыктай көрүнсө керек. Себеби, лицейде мыкты окуп, төрт тилди — кыргыз, орус, англис, түрк тилдерин билген кыз мугалимдик кесипти тандап калды да. Көптөр мага «бул престиждүү кесип эмес, мугалим болуп көп акча таппайсың» деп айтышты. Бирок мен эмнени каалап жатканымды билчүмүн. Анан Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетине тапшырууну чечтим. 2007-2012-жылдары филология факультетинде билим алдым. 2022-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетине педагогика адистиги боюнча магистратурага тапшырдым. Сабактарды англис тилинде тажрыйбалуу профессорлор өтүшчү. Азыр өз районумдун мисалында Кыргызстандын айыл мектептериндеги медиа сабаттуулуктун абалы боюнча изилдөө жүргүзүп, магистрдик иш жазып жатам.

Эмгек китепчемди карасаӊыз, бир нече окуу жайларда иштегенимди көрөсүз. Бир караганда, бул мени туруксуз адам катары мүнөздөшү мүмкүн. Менимче, биз жаш кезибизде ар кайсы жерде, ар кандай позицияда өзүбүздү сынап көрүшүбүз керек. Эмгек жолумду 10 жыл мурун Орловка шаарындагы №1 орто мектептен баштагам. Бир нече жыл иштегенден кийин декреттик өргүүгө чыктым. Бир жылдан кийин мени кошуна мектепке директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлыгына чакырышты. Дароо макул болдум. Анткени мен өзүмдү сынап көргүм келип, чыдай аламбы же жокпу дедим. Чынын айтсам, мага жакты. Балдар менен иштөө, ар кандай иш-чараларга даярдануу кызыктуу болду. Бирок ошол эле учурда бул өтө көп эмгекти талап кылган иш. Көптөгөн иш кагаздары, отчеттор. Окуу жылы аяктап калганда Токмоктогу кыз-келиндер лицейине жумушка чакырышты. Көпкө ойлондум. Жолдо көп убакыт коротушум керек. Мен тобокелге салууну чечип, бардым. Лицейде орус тили жана адабиятынан сабак берип, кыздарды олимпиадага даярдадым. Кыздарым республикалык олимпиадада жакшы ийгиликтерге жетишип, байгелүү орундарга ээ болушту. Анан декреттик өргүүгө чыгып, декреттик өргүүдөн кийин Орловкадагы мектепте иштеп калдым. Төрт баланын апасы үчүн мынчалык алыска барып иштөө кыйын экен. Былтыртан баштап орус тилинен тышкары англис тилинен сабак бере баштадым», — деди ал.

Каарманыбыз үзүрлүү эмгегинин арты менен бир топ ийгиликтерге жетишип, мугалимдер арасындагы англис тили боюнча олимпиадада биринчи орунду алган.

«2015-жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышып, Кемин району боюнча 3-орунду алдым. Республикалык олимпиадада окуучуларымдын эң жакшы жетишкендиктери үчүн 2019-2020-жылдары Билим берүү министрлигинен 2 сертификат менен сыйлангам. Мындан тышкары, ар кандай долбоорлорго жана иш-чараларга катышкандыгым үчүн Американын Кыргызстандагы элчилигинин сертификаттарын алдым. 2022-жылы англис тили мугалимдеринин олимпиадасына катышып, финалисттердин бири болсом, 2023-жылы 1-орунду ээлеп, ноутбук утуп алгам. Менде квалификацияны жогорулатуу боюнча сертификаттар бар. Өзүм англис тилин окутуунун ыкмалары боюнча көптөгөн тренингдерди өттүм. 2023-жылдын февралынан март айына чейин долбоор менен Америкага барып келдим. Бул долбоордун алкагында мыкты инсандар менен таанышып, чек арамды кеңейтүүгө жана дүйнөнү көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Албетте, башка өлкөлөргө саякаттоо көзүңдү ачат, дүйнө таанымыңды, көз карашыңды өзгөртөт. Дагы бир долбоор менен Москвага бир аптага барып келдик», — деди ал.

Айжан айым мектептеги эсте калган кызыктуу окуясы, келечектеги максаты тууралуу айтып берди.

«Мектепте кызыктуу окуялар абдан көп болгондуктан, аларды дароо эстей албайсың. Мектепке жаңы келгенимде мага бир классты берип, класс жетекчи кылышты. Анан алтын күз майрамына жашылча-жемиштерден жомоктон каармандарды жасоону айтышты. Бирок бул менин биринчи иш тажрыйбам болгондуктан, жашылча-жемиштер тууралуу маалыматка көңүл бурбай калыптырмын. Көпкө ойлонуп, натыйжада «Колобок» жомогун аткарып берүүнү туура таптым. Ролдорду бөлүп, көпкө репетиция кылдык. Анан майрамдык салтанат учурунда көргөзмөгө кол өнөрчүлүгүӊдү алып кел деп калышты. Мен директордун орун басарына барып, жагдайды түшүндүрдүм. Алар менин жаӊы келгенимди эске алып, биздин даярдаган театралдык спектаклибизди көрүүгө макул болушту. Мактап, сертификат беришти. Бул учурду жылуу эстейм. Бирок бул кырдаалдан сабак алдым. Маанилүү нерсени өткөрүп жибербөө үчүн кунт коюп угуп, көрсөтмөлөрдү жазып алыш керек экен.

Магистратурада окуганыма байланыштуу окууга көп убакыт бөлөм. Бирок бош убактым болсо, аны үй-бүлөм менен өткөргөнгө аракет кылып, манты, лагман сыяктуу даамдуу тамактарды жасаганды жакшы көрөм. Бош болуп калсам, китеп окуганды, музыка укканды же аниме көргөндү жакшы көрөм. Келечекте жаштардын билим борборун ачсам дейм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE