Пример HTML-страницы

Жумгалда жаш тескөөчү дүйнө салды. Ал 26 гана жашта болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-декабрда Жумгал РИИБде жашы жете электердин иштери боюнча тескөөчү болуп иштеп жаткан Наргиза Үсөналиева жүрөк оорусунан көз жумду.

Ал болгону 26 жашта болчу.

Наргиза Үсөналиева 2017-жылы КР ИИМдин Республикалык окуу борборунда билим алган. Ошол эле жылы Бишкек ШИИББдин ПМБсында милиционер болуу менен алгачкы эмгек жолун баштаган.

Ошондон тартып милициянын ар түрдүү түзүмдүк бөлүктөрүндө кызмат өтөп, Жумгал РИИБде жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчү болуп эмгектенип жаткан.

Маркумдун артында бир кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE