Пример HTML-страницы

Жумгалда жаш таланттардын катышуусунда комуз фестивалы уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Байзак айылындагы Айбек Тентиев атындагы маданият үйүндө 4 музыкалык мектептин окуучуларынын катышуусунда комуз фестивалы уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, ага Миң-Куш, Чаек, Байзак жана Жаңы-Арык айылдарынан келген музыкалык мектептин жаш таланттары, комуз ийриминин окуучулары катышты. Алгач комуз күүлөрү жаңырып, андан соң Солто Рысмамбетов атындагы музыкалык мектебинин «Жаш кыялдар» комузчулар ансамблинин концерти тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE