Пример HTML-страницы

Жумгалда манасчы Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдык мааракеси белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 18-ноябрда Жумгал районунун Чаек айылында манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Маалым болгондой, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жаңыбай Кожек уулунун урпактары жана айыл тургундары катышты. Манасчы тууралуу сүрөт-көгөзмө уюштурулуп, «Манас» айтылды. Мааракенин алкагында ордо, кыргыз күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Иш-чарада «Манас» эпосун тынбай айткан Жумгал районунун Кызарт айылынын Касымбекк уулу Мамбеталы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Ариет Тынчтыкбековго жорго тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE