Пример HTML-страницы

Жумабу айым жигитине мүмкүн эмес болгон белекти алып келүүсүн айтып, бирок анын аткарылганына таӊ калган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облустук прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы, юстициянын подполковниги Жумабу Тыналиева «Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы үчүн» төш белгиси жана Башкы прокурордун ардак грамотасы менен сыйланган.

Ал Чүй облусунда иштеп жүрүп, аламүдүндүк жигитке турмушка чыкканын айтат. 8-март айымдардын эл аралык күнүнө майрамына карата аймактык кабарчы каарманыбыз менен таанышты.

Тыналиева Жумабу Абдыкалиевна 1982-жылы 12-ноябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулуп-өскөн. Ошол эле райондун Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебин 1999-жылы алтын медаль менен аяктап, окуучулук күндөрүндө эле прокуратура жана сот системасында иштөөнү эӊсеп келген.

«Прокуратура органдарында 2005-жылдан бери эмгектенип келем. Анда райондук, облустук прокуратураларында, Башкы прокуратурада, тергөө, сотто мамлекеттик айыптоону колдоо, кадрлар жана башка тармактарында кызмат өтөп, 2018-жылдан бери Чүй облустук прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп келем.

Баса, ушул кесипти аркалап жүрүп, жетекчиликтин буйругун аткарам деп, өзүм билбей жүргөн ырчылык талантым ачылган. Бул кандай болду дебейсизби? Анда 2012-жыл болчу. Таласта иштеп жүргөн кезим. Жетекчилик тарабынан «Кош жылдыз» сынагына катышуума тапшырма берилди. Же мен мурда эл алдына чыгып, ырдасамчы. Бирок, тапшырманы так аткаруунун үстүндө сынакка даярдандым. Жыйынтыгында гран-прини жеӊип алгам.

Жаш кезде китеп окуу хоббим эле, айрыкча детектив жана сүйүү тууралу китептерди көп окудум. Азыркы убакта, чынын айтсам китеп окууга убакыт көп боло бербейт. «Бош кез» деген деле азыркы жашоонун темпинде жок болуп кетти го. Эгер убакыт болуп калса, киного барып, тоого чыгып, таза абада дем алып, жашыл чөптүн үстүндө отуруп, эс алууга аракет кылабыз», — деди ал.

Каарманыбыз 8-март — майрам күндөгү эсте калган окуясын, баалаган белектери жана погончон айымдын жоопкерчилиги менен түйшүгү тууралуу айтып берди.

«8-мартта болгон кызыктуу окуялар жөнүндө эскере турган болсом, окуялар баары эле жумуш менен байланыштуу экен. Себеби биздин системада майрам күн болобу, эс алуу күнү болобу айым, мырза айырмасы жок жумуштун аягына чыгарылмайынча кетпей жүрөбүз. Болгону бир жолку майрамда дагы жумушта болуп, анан ал кездеги жигитим болуп жүргөн жолдошум: «ой кандай жумушуӊар бүтпөйт? Жок дегенде 8-март күнү эрте кетсе болбойбу?» дегенинен, «эгер көк түстөгү роза гүлүн белеке бере турган болсоң, чыгайын анда» деп тамашалап койгом. Бирок, күтүлбөгөн жерден көк түстөгү роза гүлүн таап, алып келип жатпайбы. Бир чети абдан таӊ калып, бир чети абдан кубангам. Чындап келгенде, ал кезде көк роза болорун билчү эмесмин. Жөн гана «көк роза» деп оюма келе калганынан гана тамашлап айтып койгом.

Негизи эле кыргыздын аялдары башка улуттун айымдарына караганда күчтүү жана сабырдуу келишет экенине баарыбыз эле күбөбүз. Анын ичинен форма кийип, эркектер менен биргеликте иш алып барган, силер айткандай погончон айымдардын иши оор, түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү десем жаӊылбаймын. Айрыкча жетекчилик кызматта. Себеби, иште мырзалар менен теӊ тайлашпасак дагы, алар менен бирдей эле, кээ бирлеринен керек болсо ашыкча иштердин аткарылуусун уюштуруп, коюлган тапшырмалардын толук кандуу аткарылуусуна жетишебиз. Кайра үйгө келгенде жакшынакай жубай, назик, жумшак эне болуп чыга келебиз. Аны менен катар үй жумуштары да толугу менен биздин моюнда. Айымдар эне болгондуктанбы балким, аларда адилетүүлүк жана чынчылдык сезимдер көбүрөөк орун алабы деп ойлойм. Ошол себептен, жетекчилик кызматта айымдар жигердүү иштерди алып баруу менен жогорудагы белгилеген сапаттар менен айырмасы болот го деп ойлойм», — деп сөзүн жыйынтыктады погончон айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE