Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда мамлекеттик ишканалардын кызматтык унаалары айып короого киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында эс алуу күндөрү онго жакын кызматтык унаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, жол тескөөчүлөр жана облустук прокуратуранын кызматкерлери биргеликте рейд өткөрдү.

«15-16-апрель, ишемби жана жекшемби күндөрү уюштурулган рейддин алкагында кызматтык автотранспортторду максатсыз (жеке кызыкчлыкка) пайдаланып жүргɵн фактылар аныкталды. Жыйынтыгында мамлекеттик мекемелерге тиешелүү болгон 4 кызматтык автоунаанын айдоочуларына протоколдор толтурулуп, унаалар айып короого киргизилди. Иш-чаранын максаты мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу фактыларын жана кызматтык автотранспортторду максатсыз пайдаланууну аныктоо болуп саналат. Мындан ары иш убактысы бүткөн учурда жана эс алуу күндөрү кызматтык унааларга рейддер байма-бай өткөрүлүп турат», — деп айтылат көзмөмөл органынын маалыматында.

Ал эми облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, рейд учурунда 4 кызматтык унаа аныкталган. Алардын арасында Ноокен райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасы, «Жалал-Абад Тазалык» муниципиалдык ишканасынына таандык «Тойота Королла» унаасы жана мунайды кайра иштетүүчү ишкананын кызматтык унаасы бар. Калган кызматтык унаалар азык-түлүк, дары-дармек жеткирген ишканаларга тиешелүү унаалар. Алардын баарында эс алуу күнү унааны башкарууга тиешелүү барактары болгон эмес. Унаа ээлерине чаралар көрүлдү.

Эрежени бузган айдоочуларга Укук бузуулар кодексинин талаптарына ылайык протоколдор толтурулду.

Укук бузуулар кодексинин 184-беренеси. Транспорт каражаттарын документи жок башкаруу

1-пункт. Адамдын транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаруусу – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE