Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда каратэ боюнча Азия чемпионатында жеңишке жеткен спортчулар сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарынын мэри каратэ боюнча чемпионатта жеңишке жеткен спортчуларды куттуктады.

Мэриядан кабарлангандай, Жалал-Абад шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары WSF (Дүйнөлүк шотокан федерациясы) каратэ боюнча Азия чемпионатында жеңишке жеткен. Бул чемпионатка Жалал-Абад шаарынан жалпы 8 спортчу барган.

Чоңдор арасында Баястан Ракманов 1-орун, Элнура Камчыбекова 2-орунду алса, 14-15 жаш курактагы өспүрүмдөр арасында Нурмухаммед Турсунов 1-орунду, Байгазы Таштемиров 3-орунду ээледи. Ал эми 16-17 жаштагы өспүрүмдөр арасында Нурдөөлөт Бакиров менен Бекжан Калыков 1-орунду, Тилек Рахманов 2-орунду багындырган.

Ийгилик менен кайткан жаш спортчулар жана алардын машыктыруучулары менен Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Исакжан Умарахунов жолукту. Алар спортчуларды, алардын жакындарын жана машыктыруучуларды жылуу маанайда куттуктады.

Шаар мэри спортчуларга баалуу белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, каратэ боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда алгачкы ирет өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Индия, Түркмөнстан, Пакистан, Непал жана Ливандын спортчулары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE