Пример HTML-страницы

Жактоочу Талантбек Жумаев сот отурумундагы жагдай тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-февралда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында юрист Талантбек Жумаев Жогорку соттун төрагасына кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы балдарын талашкан жубайлардын бирине сот процесси учурунда консультация берип, чечимди да анын пайдасына чыгарган.

«Негизинен, жалпылап алганда соттор жакшы иштеп жатышат. Бирок арасында өзүнүн ишин жакшы билбеген соттор да бар. Кара-Кулжада жубайлар балдарын талашкан соттук процесс болду. Судья соттук териштирүүнүн жүрүшүндө эле алардын бирине [аялга] жактоочу болуп алды. Ага консультация берди, бул соттун милдети эмес да. Сот калыс болушу керек. Анын консультация бере турган жактоочусу бар.

Ошондуктан президент, башкы прокурор, Жогорку соттун төрагасына кайрылам, милдетин жакшы аткара албаган сотторду карап коюңуздарды суранам. Сот түшүнүксүз жагдайларды жасагандыктан ишенбөөчүлүк билдирип, башка сот карасын деп өтүнүч келтирдим. Бирок кеңешүү бөлмөсүнө саат 15:30да кирип кеткен боюнча 18:30да чыкты. Судьялардын жумушу 17:30да бүтөт. Өзү үйрөткөндөрдүн негизинде чечим чыгарып койду», — деди Жумаев.

Жарандык ишти Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Жунусов Сапарбек Токонович карады. Сот отурумундагы тараптар — Нурлан уулу Санжарбек жана Аскербекова Бегимай Атайбековна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE