Пример HTML-страницы

Жайдын саратанында ич өтүү оорусунан кантип сактануу керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖай мезгилинде бир гана балдар эмес, чоң адамдарда кездешүүчү ич өтүү, ичеги инфекциялары көп кезигет. Бул инфекциялардан арылуу, алдын алуу жолдорун Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун Ат-Башы району боюнча бѳлүмүнүн эпидемиолог-дарыгеринин жардамчысы Гүлзана Байматова айтып берди.

Анын маалыматына караганда, курч ичеги инфекциясы — адамдын ичегисине кирген микроорганизмдерден пайда болуучу оору. Оорунун козгогучтары бактериялар, вирустар, жөнөкөйлөр же козу карындар. Инфекциянын булагы болуп оорулуу адам, жаныбар, күнүмдүк тиричилик буюмдары жана айлана-чөйрө, тамак-аш, суу болуп саналат.

Курч ичеги инфекциясы ичтин оорушу, диарея, кусуу жана организмдин интоксикациясы менен мүнөздөлөт. Балдарда оору катуу өтөт: организм тез суусузданып, иммунитети начарлайт.

Кош бойлуулук учурунда ичеги-карын инфекциялары коркунучтуу: аялдын организминин суусуздануусу жана интоксикациясы боюнан түшүп калууга алып келет же түйүлдүктүн кычкылтек ачарчылыгын козгойт.

Курч ичеги инфекциясын жуктуруу жолдору:

— Ооз аркылуу, тамак-аш, жуулбаган кол, тиричилик буюмдары, жакшы жуулбаган жашылча-жемиштер, суу аркылуу жугат;

— Оорунун козгогучарын курт-кумурскалар (чымындар, таракандар), оорулуу айыл чарба жаныбарлары, канаттуулар же кемирүүчүлөр алып жүрүшөт.

Патогендик микроорганизмдер жашоо чөйрөсү катары адамдын ичегисин тандашат.

Курч ичеги инфекциясынын клиникалык белгилери:

— Дене температурасынын кескин жогорулашы;

— Организмдин интоксикациясынын (улануусунун) көрүнүштөрү: баш оору, булчуңдардын оорушу, жүрөк айлануу, ичтин оорушу, катуу ич ѳтүү жана кусуу.

Организмге кирген козгогучтун түрүнө жараша ичеги оорусунун жайгашуу көрүнүштөрү оорунун локализациясы, консистенциясы, заңынын түсү, коюлугу жана жыштыгы, заңда былжыр же кандын болушу, кусуунун мүнөзү боюнча айырмаланат.

Ич ѳтүү, кусуунун себебинен организмдеги суюктуктар кошо сыртка чыгып, суусуздандырууга алып келет. Оорунун алгачкы белгилери инфекция жуккандан кийин 6-48 сааттан кийин пайда болот.

Ичеги тумоосу — эң кеңири таралган ичеги инфекциясы. Ичеги тумоосунан алты айдан эки жашка чейинки балдар жабыркайт.

Алдын алуу чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:

— Кайнатылган сууну колдонуу;

— Жашылчаларды, жемиштерди жуу;

— Жеке гигиена эрежелерин сактоо (колду бат-баттан жууп туруу);

— Тез бузулуучу азыктарды кыска мөөнөт сактоо;

— Тамак-ашты керектөөнүн алдында термикалык иштетүү;

— Энелер ымыркайларды эмизүүдѳ эмчек гигиенасын сактоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE