Пример HTML-страницы

Жаандан кийин Чүй облусунда алгачкы жазгы козу карындар пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаандан кийин Чүй облусунда алгачкы жазгы козу карындар пайда болду.

Вёшенка, Көк буттар, шампиньондор жана башка козу карындар талааларда жана токой тилкелеринде активдүү өсө баштады.

Жергиликтүү тургундардын арасында «тынч аңчылыкты» сүйгөндөр көп. Алар жаан жааганда, күндүн ачылышын күтпөстөн, козу карын тергени барышат.

«Адатта вёшенка козу карындары жазында биринчилерден болуп пайда боло турган. Бул жегенге жарамдуу козу карындар дүмүрдө жана кулаган дарактарда топ-топ болуп өсөт.

Быйыл аба ырайы суук болуп, дароо күн ысып кеткендиктен, козу карындын ар кандай түрлөрү бир убакта өсө баштады. Вёшенка козу карындары, көк буттар жана шампиньондор пайда болгон учурда, козу карындар жегенге жарамдуу жана абдан даамдуу», — деп өз байкоолору менен бөлүштү адис Николай Радченко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE