Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү кырсыктан улам 2 адам каза таап, 18 адам чукул түрдө ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө катталган жол кырсыктан улам 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-март күнү саат 07:20 чамасында 1983-туулган Т.Т. өзүнө тиешелүү болгон «Мицубиси» үлгүсүндөгү унаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жаткан. Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 24-чакырымында, тактап айтканда Тору-Айгыр менен Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунан рулга ээ боло албай, карама каршы тилкеге чыгып кеткен. Анда Бишкек шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Т.А.нын башкаруусундагы жүргүнчү ташуучу «Мерседес-бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшүп, жол кырсыгына учуруган.

  • Натыйжада «Мицубиси» унаасынын айдочусу Т.Т. жана жүргүнчүсү — Бишкек шаарынын 1983-жылы тургуну О.Э. окуя болгон жерде каза болушкан.

Кырсыктын кесепетинен жалпысынан 18 адам жабыркаган. «Мицубиси» унаасынын үч жүргүнчүсү — Д.О., М.Н., Б.Н., кичи автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү — А.Д., Н.Э., А.Н., С.Ж., М.С., К.И., А.А., Д.Т., К.С., Г.П., С.К., Ш.Р., Б.А., К.Н. ар кандай жаракаттар менен Балыкчы аймактык ооруканасына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE