Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жалгыз уулунан ажыраган ата-эне жана алардын арасында жүргөн кылмышкерлер (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда 25 жаштагы Урмат Болотбек уулунун өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты. Бул иш боюнча башкы айыпталуучу 13 жылга эркинен ажыратылды.

Айыпталуучу — Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында 1998-жылы туулган Бактияр [аты-жөнү өзгөртүлдү, Ж. уулу Б.]. Ал толук эмес орто билимдүү, кармалганга чейин Тамга айылында жашаган. 2022-жылдын 8-майынан бери камакта отурат.

13-сентябрда Жети-Өгүз райондук соту Бактиярды Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту («Адам өлтүрүү») менен күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратууну караган. Натыйжада сот аны 5 жылга эркинен ажыратты. Сот өкүмдөрдү кошуу менен акыры 13 жылга эркинен ажыратты.

Жабыркаган тараптын өкүлү апелляциялык арыз менен Ысык-Көл облустук сотуна кайрылган. Ал Бактияр 2007-жылы туулган жашы жете элек Ж.Э.А.ны кылмышка аралаштырып, алар өзгөчө оор кылмыш жасагандыгына көңүл бурду. Жабыркаган тарап Бактияр кеминде 15 жылга эркинен ажыратылышы керек деп эсептейт.

Ал эми айыпталуучунун жактоочусу Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси («Байкабастыктан өлүмгө алып келүү») менен жаза белгилеп, 180-берене менен актоо өкүмүн чыгарууну өтүнгөн.

2022-жылдын 17-ноябрында Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы өкүмдү күчүндө калтырды.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Кочкор айылынын 25 жаштагы тургуну Урмат Болотбек уулу 2022-жылдын май айында киши колдуу болуп каза тапкан.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын атасы Болотбек Сакенов жана энеси Гүлшан Аргынбаевадан кабар алган.

«Уулубуз Урмат 1997-жылы 11-апрелде жарык дүйнөгө келген. 25 жашка чыккан болчу. Ак-Кочкор айылынын О.Эсенканов атындагы негизги мектепте 9-классты окуп бүтүргөн.

Май айында каргашалуу окуя болду. Уулубуз Бишкек шаарында иштеп жүргөн эле. Анан бизге жардам берүү үчүн айылга келген. Чак түштө эле айылдын тургуну, жашы жете элек 15 жаштагы өспүрүм уулубузду үйдөн чакырып кетишкен. Ошентип ал күнү үйгө кайтып келген жок. Аны менен байланышууну көздөп, улам-улам телефон чала бердим. Бир маалда тили булдуруктап, иштеп жүргөнүн айтып, «камсанабай тургула» деп жооп берди. Жумушу чыгып, колу бошобой жатат го деп ойлодум. Эртеси да дайыны жок болду.

Айылдын четиндеги чоң суудан балык кармап жүргөндөр адамдын жансыз денесин көрүшүп, милицияга кабарлашыптыр. Биздин бала экенин айылдыктар таанып, ошондон үйгө өзү эмес, сөөгү келди. Кылмышка шектүүлөр — өзүбүздүн эле айылдан болушат. Анын бири 15 жаштагы өспүрүм. Уулубузду ур-токмокко алышып, анан чоң сууга таштап салышыптыр. Ошондо мени менен сүйлөшкөндө, мас абалда окшойт. Уулумду сууга, телефонун талаага ыргытып, экөө үйүнө кайтып келип, билмексен болуп жүрүшпөйбү.

Жалпы 2 уул жана 1 кызыбыз бар эле. Улуу балам өткөн жылы коронавирустан улам каза тапкан. Эми кичүү уулубуз мынтип киши колдуу болду. Жалгыз эжеси бар, ал турмушка чыккан. Азыр аябай сыздап турабыз, жалгыз туягыбыздан ажырап калдык. Биз акыйкаттык издейбиз, күнөөлүүлөр өз жазасын алышсын.

«Үйдүн алдына үй салам» деген жакшы кыялдары бар болчу. Кырчындай 25 жашында атасы экөөбүздү таштап кете берди. Арман дүйнө! Айлабыз жок, болгону соттор акыйкат чечим чыгарып, колу менен кылгандарын башы менен тартышсын», — деди маркумдун ата-энелери.

Ал эми кылмышка шектүүнун үй-бүлөсү айылдан көчүп кетишкен.

Буга чейин Turmush басылмасы Жети-Өгүз районунда 25 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөр камакка алынгандыгын жазган.

Милициянын маалыматы боюнча, 7-майда саат 17:05 чамасында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда Ак-Кочкор айылындагы суунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымдалган. Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя болгон жерге милициянын тергөө ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери болжол менен 20-25 жаш чамасындагы адамдын жансыз денесин табышкан. Мындан тышкары анын жанынан канга окшош күрөң тактары бар таштар жана таяктар табылып алынган.

Андан аркы ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталды. Ал Ак-Кочкор айылынын тургуну — 25 жаштагы Б.У. болуп чыкты. Апасынын айтымында, уулу 5-май күнү саат 14:00дөр чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Ал баласынын өлүмүнө тиешеси бар адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен милицияга кайрылган.

Арыз Жети-Өгүз РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле соттук-медициналык, химиялык жана биологиялык экспертизалар дайындалган.

«Кылдат ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 5-май күнү саат 23:30дар чамасында маркум Б.У. айылдаштары — 24 жаштагы Ж.Б. жана 15 жаштагы К.Ж. менен биргеликте Ак-Кочкор айылынан өткөн суунун жанында отурушканы аныкталган. Андан соң алардын ортосунда оозеки чыр чыгып, Ж.Б. маркумду бир нече жолу колу менен уруп, сабап жиберген. Б.У. эсин жоготкондо Ж.Б. менен К.Ч. анын денесин суунун жээгине сүйрөп алып барып, ошол жерге таштап, кылмыш болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Кылмышка шектүүлөр милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Райондук соттун чечими менен 24 жаштагы Ж.Б. карата 2 айга, ал эми жаш өспүрүм К.Ч. бир айга камака алуу баш коргоо чаралары кабыл алынды. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE