Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө Россиядан келген туристтерди тосуп алышты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТуристтик сезондун башталышында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Россиядан келген туристтерди тосуп алышты. Саякатчылар Кыргызстандын берметин көрүү жана Ысык-Көлдө эс алуу үчүн чыдамсыздык менен күтүшкөнүн билдиришти.

Милиция кызматкерлери ар бир туристти жылмаюу жана меймандостук менен тосуп алып, туристтик жайларда коопсуздук жана жүрүм-турум эрежелери боюнча бардык керектүү маалыматтарды жеткирип, ошондой эле эс алуу тууралуу толук маалыматты камтыган жана атайын байланыш телефондору менен камсыздалган буклеттерди таратышып, ошол көрсөтүлгөн номерлер аркалуу ар кандай маалыматтарды жана жардамды дароо толугу менен ала алсыздар деп түшүндүрүштү.

Пляжды көздөй бет алган туристтер тоонун кооз көрүнүштөрүнө, ачык түстөрүнө, таза абадан ырахат алып барышты. Мындай жаратылыш экологиялык туризмди сүйүүчүлөр үчүн чыныгы бейиш болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE