Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө кылмышка шектелип, Жумгалдын тургуну кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунда алдамчылыкка шектелип, Жумгал районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басм сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБге Чолпон-Ата шаарынын тургуну — 1968 жылы туулган М. Г. арыз менен кайрылган. 1989-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран анын ишеничине кирип, көмүр менен иштейбиз деп, алдоо жолу менен 100 миң сом акчасын банк аркылуу котортуп, кийинчерээк 150 миң сом кылып беребиз деп ооз эки кепилдик берген. Ошол бойдон качып кеткендиги жөнүндө билдирген. Арыз ээсине келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомду түзгөн.

Бул факт Ысык-Көл РИИБде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Факт боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде Ысык-Көл райондук соту тарабынан шектүүнү камакка алуу чарасы тандалып, издөөгө алынган.

Жакында Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү жаран колго түшүрүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал мурда ушундай эле кылмыш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну — 1989 жылы туулган Ж.Т. болуп чыккан.

Ысык-Көл районунун сотунун чечими менен шектүүгө карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы тандалып, учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE