Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө бурмаланган «жоолук жулмай» салты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында жаңы келин келгенде «жоолук жулмай» деген салт бар.

Жергиликтүү тургундар убакыттын өтүшү менен «жоолук жулмай» салты бурмаланып кеткенин айтышат.

Социалдык тармактарда кечээ жакында тараган видеодо тойго келген аялдар бир бөлмөгө отурганын, жаңы келген келин менен биргеликте жеңелери жоолукту төрт бурчтук боюнча башына жабышып, конокторго жүгүнүп киргенин көрүүгө болот. Андан соң алар жабынган жоолуктарды дасторкон үстүндө отурган аялдар жулуп алып, өздөрүнө белек катары алышкан.

Муну айрым интернет колдонуучулары аялдардын ачкөздүгү катары көрүшүп, салттын терең жаткан маанисин билбей, өзгөртүп жиберишкенин белгилешти.

«Келиндер жүгүнүп киргенде, жабынган жоолуктарын отурган аялдар албай, ошол жердеги үйлөнө элек жаш жигиттер: «мен да үйлөнүп, ушундай келинчектүү болоюн” деген тилек менен жүгүнүп кирген келиндердин башынан жолуктарды шыпырып алышчу. Бул жерде туура эмес болуп калыптыр», — деген ой-пикирлерин келтиришкен.

«Ысык-Көл башка аймактардан дагы кандай салты менен айырмаланат?» деген суроого көпчүлүк келиндердин өмүр бою жүгүнүшүн айтышса керек.

Келин кайын ата, кайын эне, күйөөсүнүн улуу эркек жана аял туугандарынын бардыгына жана кайын энесинин бир туугандарына учурашуу иретинде жүгүнгөн. Аларга жолуккан мезгилде кол берип учурашууга же үнүн катуу чыгарып саламдашууга тыюу салынган. Мында ал саламдашуу иретинде колун бооруна алып, тике карабай, ийилип таазим эткен. Келин топ кишиге карата да бир эле жолу жүгүнгөн.

Келин күйөөсүнөн «аяк алып ичерлик улуу», тактап айтканда жашы жагынан анча-мынча, бир аз гана улуу эркек туугандарына да жүгүнүүгө тийиш болгон, бирок алар өздөрү макулдук берип келиндин жүгүнбөөсүн суранышкан учурда ал жүгүнүүсүн токтото алган.

Айрым бир учурларда келин ыраазычылык билдирүү иретинде да жүгүнгөн. Алсак, жогоруда аталган адамдар устукан берген учурда, ыраазычылык иретинде ал кишиге жүгүнүп койгон.

Келин кимге багыштап жүгүнсө, ал киши буга жооп кылып «көп жаша», «өмүрлүү бол», «кудай жалгасын», «теңир жалгасын», «алганың менен тең кары», «бар бол», «өркөнүң өссүн», «тилегиңе жет», «кудай тилегиңди берсин», «этегиңден жалгасын», «ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн», «ак элечегиң башындан түшпөсүн», «көшөгөң көгөрсүн» деген сыяктуу алкоолорду айтып ыраазычылык билдирүүгө тийиш. Ал эми келиндин жүгүнүүсүн жоопсуз калтырып байкамаксан болуп басып кетүү, бата бербей же алкабай коюу кыргыздардын салттык этикетинде өтө чеки иш катары эсептелген.

Келиндин кайын журтуна жүгүнүүсү келиндин өзү же күйөөсү каза болгонго чейин созулган. Кыргыздарда адат боюнча күйөөсү өлгөндөн кийин жесир аялды «бели сынды» деп жүгүндүрүшкөн эмес. Мындай өтө жаш калган жесирге да тиешелүү болгон. Бирок, алардын кайын журтун тергөөсү мурункудай эле улантыла берген.

Ал эми аял киши карып калган учурда да абышкасынын көзү тирүү туруп, уруусунда андан улуу киши калса, анда ага мурункудай эле жүгүнүүсүн уланта берген.

Бирок, кыргыздардын салттык этикетинде төмөндөгүдөй айрым бир учурларда келиндин жүгүнүүсүнө тыюу салынып, токтотулган:

Жесир кайрадан турмушка чыккандан кийин жүгүнгөн эмес. Бирок, нике кыйылгандан кийин, кайын тарабы тамак-аш, чай куюлган аяк сунуп, балам, мындан кийин муруңку жолуң менен жүгүнүп жүр, муну ич деп берет. Ошондон баштап келин мурункусундай жүгүнө баштаган. Эгер мындай иш-аракет аткарылбаса, жүгүнгөн эмес.

Келин бирөө каза болгон үйдө өзүнүн дайыма жүгүнүп жүргөн адамдарына сөөктү жерге берип келгенге чейин жүгүнгөн эмес. Мындай ишаратка жамандыкка жүгүнгөндөй, ага багынгандай болуп калат деген ишеним себеп болгон.

Белгилей кетчү нерсе, келин күйөөсүнүн улуу туугандарына гана эмес, башка уруунун аксакалдарына да салам берүү иретинде жүгүнгөн. Ошондой эле көп никелүү үй-бүлөлөрдө байбиченин балдарынын аялдары токол апасына да жүгүнүп, атын атабай тергеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE