Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Кызыл-Суу—Пристань жолуна союздан кийин алгачкы жолу асфальт төшөлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда Кызыл-Суу—Пристань унаа жолу асфальтталып жатат. Жолдун жалпы узундугу 10 чакырымды түзөт.

Аталган жол менен Кирпичный, Кайнар, Пристань, Саруу айылдарынын жашоочулары, жайкысын сырттан келген эс алуучулар эс алуучу жайларга тынымсыз каттап турушат.

Ошону менен бирге райондун аймагындагы бир катар айылдардын дыйкан-фермерлери эгин таалааларын иштетүүдө ушул жол менен катташат.

Аталган жолго союз учурунда асфальт төшөлгөн. Арадан жылдар өтүп, жолдун эскилиги жетип, жол көйгөйү көпчүлүктү түйшөлтүп келген. Жергиликтүү, райондук жана облустук жетекчилердин жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда ушул жол маселеси көтөрүлүп келген.

Бул жол Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин балансында турат. Жолду оңдоого тиешелүү акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген.

Ал эми ишти аталган министрликтин алдындагы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №35 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жолго асфальт төшөө ишине аталган ишкананын 15 даана техникасы тартылып, 20дан ашуун жумушчу иш жүргүзүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE