Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк багбан Дидар Исмаилов экспорттук потенциалы чоң жер-жемишти атады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну Дидар Исмаилов 13 жылдан бери багбанчылык менен алек. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Негизи музыкалык окуу жайда окугам, бирок өкүнүчтүүсү аягына чейин бүтүргөн жокмун. Атам айылда токойчу болуп иштечү. Мен мектепте окуп жүргөндө, атам өрүктүн данегин айдады. Бирок бир жыл кыйышылбай калган эле. Экинчи жылы атам досун алып келип, «балама кыйыштырганды үйрөтчү» деген. Аяш атамдан кыйыштырганды үйрөнүп, ошол эки жылдык өрүктү кыйыштырсам чыкпай койгон. Ошентип анын сырын билбей, өстүрө албай койгонбуз. Ал убакытта биздин айылдагылардын көпчүлүгү көчөт айдаганды билишчү эмес. Ошондон тарта багбанчылыкка болгон кызыгуу башталган. Көчөт өстүргөн деле оңой эмес, өтө көп эмгекти талап кылат», — деди ал.

Анын айтымында, түндүк жергесинен көчөт алууга келишет.

«Күз мезгилинде үй-бүлөм менен көчөттү айдайбыз, ага чейин жапай данегин чогултуп даярдап коёбуз. Жазында чыккандан баштап кам көрүп, суугарап, күз мезгилине чейин отойбуз. Көчөттөрдү сөзсүз дарылап, кыктап, ошол август айында кыйыштырылат. Көчөттөрдү убагында суугарып, дарылоо аркылуу курттардан сактап, 3 жыл бою кам көрөбүз. Бала карагандай эле мамиле кылам, бутунан туруп кеткиче кам көрөбүз. Жазында жана күзүндө дарылоо иши жүргүзүү керек. Жазкысын бутап, астына жер семирткичтерин берип, убагы менен суугаруу зарыл. Алармандар ар тараптан келишет. Өзү биздин айылдын топурагы көчөт өстүрүүгө ыңгайлуу жана ишеничтүү. Бизге көчөт алууга Нарын, Чүй, Талас, Бишкек жана Ысык-Көлдүн бардык аймагынан келишет. Мисалы, ар бир көчөттүн баасы ар кандай. Өрүк 150 сомдон 200 сомго чейин, алмурут 180 сомдон 200 сомго чейин, алма 180 сомдон, карагатар 80 сомдон 200 сомго чейин. Азыркы убакытта өзүбүзгө 8 сорт карагат өстүрүп жатам. Атайын Польшадан, Белорусиядан буюртма менен алдырганбыз», — деди ал.

Каарманыбыз өзүнүн алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«»Эр эмгегин жер жебейт» дегендей, түшүмдү багууга жараша алабыз. Канчалык эмгектенсек, ошонун берекесин Кудай берет экен. Кышында мал бордоп семиртип, жаздан күзгө чейин багбанчылык менен кол бошобойт. Мындан сырткары арпа, буудай өстүрөм. Азыркы заманга жараша жаңы көчөттөрдү өстүрүп тигүүнү сунуштайм. Багбанчылык өтө кызыктуу, көп эмгекти талап кылган. Изилдөө жана кызыгуу менен өстүрсө, эмгегиңер талаага кетпейт. Биздин кыргыз жергесинде таза органикалык жер-жемиштерди өстүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Көп малдуу болгонубуз үчүн органикалык биогумус өндүрүүгө шарттарыбыз чоң. Башка жакка иштеп кеткиче айылдан эле бак өстүрүп өнүксө болот. Ал эми кардарларды интернет аркылуу тапса да болот. Өзгөчө биздин көлдүн карагаты эч жерде жок, даамы да өзгөчө. Карагат өстүрүүнү өнүктүрүп, башка өлкөлөргө экспорттоону колго алсак, көп киреше түшмөк. Келечекте таза органикалык продукцияны өзүбүздүн бренд менен чет өлкөлөргө экспорттоо максатым бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE